mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Республикага жүк ташуучу унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө

Казакстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек арасынан жүк ташуучу унаалар Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз өтүүдө. Бул тууралуу Коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 17-марттын 16-00го карата Казакстан Республикасы менен көзөмөл-өткөрмө жайларында жүк ташуучу унаалардын көп чогулганы байкалган эмес. Кыргызстандын аймагына кирүүгө жана Өзбекстан Республикасынын чек арасы менен эч кандай маселе жок.

Муну менен катар Эркин Асрандиев жүк ташуунун трафиги тоскоолдуксуз булуш үчүн кошуна өлкөлөрдүн позициясы бир болуш керектигин айтты. Учурда тараптар тигил же бул өлкөгө жүк ташып баруу же алып келүүнүн бирдиктүү алгоритмин иштеп чыгууда.