Репартердун 22-сентябрдагы «Төө-Ашуу ашуусунда кырсыктан улам тыгын пайда болду» деген макаласына жооп.
- 268 просм.
2022 жылдын 22 сентябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашусундагы тоннелде жол кырсыгы болгон. Саат 14:00 – 14:30 чамасында, Талас облусу көздөй бара жаткан Хонда степ унаасы карама-каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу “Камаз” унаага сүзүлгөн. Ошонун себебинен, тоннелдеги жолду 1 саатка жабуу зарыл болгон. Жергиликтуу ЖКККББ тараптан кызматкерлер келип, унааларды айып короосуна алып кетишкен. Жапа чеккендер жок. Жүргунчүлөр медициналык жардамдан баш тартты.
Буга байланыштуу жүк ташуучу унаа менен микроавтобусту сүйрөө үчүн тоннел аркылуу өткөн жол бир саатка тосулган.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы