mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 265 атайын техника тапшырды

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого пайдалана турган жаңы техникалар эгемендик алган жылдан бери мындай чоң көлөмдө биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен алынып, салтанаттуу тапшырылды.

Мамлекет башчысынын катышуусу менен аталган техникалар аймактарга бөлүштүрүлүп берилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасына келген 265 даана жол куруу техникасынын тизмеси:

Автосамосвал 60

Автогрейдер 20

Алдыңкы жүктөгүч 25

Бир валдуу таптагыч 20

Эки валдуу таптагыч 10

Пневматикалык дөңгөлөктүү таптагыч 10

Асфальт төшөгүч 11

Дөңгөлөктүү экскаватор 10

Каз таман экскаватор 12

Сүйрөгүч 20

Трал 10

Битум ташуучу жарым чиркегич 7

Автобетон аралаштыргыч 16

Отун толтуруучу 4

Автосуу ташыгыч 4

Бульдозер 1

Автогудронатор 7

Асфальт-бетон заводу 4

Таш майдалоочу орнотмо 10

Бетон аралаштыруучу орнотмо 4

Бардыгы: 265

Мындан тышкары, 2022-жылдын ноябрь айында 32 даана техника келген.

Белгилей кетсек, жалпысынан жол тармагына 700гө жакын техниканы сатып алуу пландаштырылган.

default

default