mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Папанда жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди

Кара-Суу районундагы Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 24,6-чакырымында орун алган жаңы көпүрөнүн курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Анын ачылыш иш-чарасына Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев баштаган ведомство жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин эбак эскилиги жетип, кейиштүү кырдаалга кептелген көпүрөнүн жанына унаалар өтүп турушу үчүн убактылуу көпүрө салынган.

Министр Тилек Текебаев элдин коопсуздугу менен жол кырсыгын алдын алуу башкы максат болгондуктан, быйыл февраль айында жаңы көпүрөнүн курулушу башталганын белгилеп, иш ыргагын ыкчамдатуу тапшырмасы берилгенин билдирди.

“Каражат республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнүп, башкы подрядчы катары министрликке караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы бекитилген. Элет элинин эңсегенин эртерээк орундатуу максатында жумуштар пландан эрте бүткөрүлүп, буюрса келээрки жылы асфальттоо иштери гана калды”,-деди Текебаев.

Узундугу 36 метр, туурасы 10,5 метрди түзгөн көпүрө бардык талаптарга ылайык салынды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы