mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ошто бир күндө 350дөн ашык автотранспорт каражаттары текшерилип, укук бузган айдоочуларга айып пулдар салынды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактык башкармалыктарынын инспекторлору   өз ишмердүүлүктөрүн штаттык режимде жүргүзүшүп, оор жүк  ташуучу унаалардын документтерин жана мыйзамда көрсөтүлгөн максималдык салмагын текшеришти.

Алсак, кече, 2023 жылдын 8-ноябрында Ош аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан  333 оор жүк ташуучу  22 жүргүнчү ташуучу транспорт каражаты текшерилди.

Анда, 6 укук бузуу катталып, 6 айдоочуга 440-берененин негизинде айып пулдар салынды. Ал эми жалпы каражаттын суммасы 1800 сомду түздү.

Мындай көзөмөлдүн негизги максаты салынган жолдордун сапатын сактоо жана талкалоого жол бербөө болуп саналат.