mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош шаарында жүргүнчү ташуучу маршруткалар текшерилип, 3 айдоочуга айып пул салынды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактык башкармалыктары-нын инспекторлору   ишмердүүлүктөрүн мыйзамда белгиленген талаптардын негизинде жүргүзүшөт.

Эгерде көзөмөлдөө бөлүмүнүн тескөөчүлөрү  айдоочулар тарабынан кандайдыр бир укук  бузууларды аныкташса, жеринде протокол түзүшүп, мамлекеттин эсебине айып пулдарды өндүрүшөт.

Бул  иш-чарада негизинен жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруткалардын графиги жана иш тартиби текшерилди. Адистердин айтымында айдоочулар бекитилген графикке ылайык иштеши керек, тактап айтканда  алар дем албастан   күнү-түнү дебей жүргүнчүлөрдү ташууга же өзүм билемдик менен эрте эле жумушун  токтотуп салууга болбойт.

Алсак, бүгүн,  6-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгынын инспекторлору Ош шаарынын автобекетиндеги жүргүнчү  ташуучу унааларды текшеришти.  Анда 13 жүргүнчү ташуучу маршрутка текшерилип, 3 укук бузуу катталган жана аларга 3000 миң  сом айып пул салынды.