mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош шаарында Кытай-Кыргызстан жүк ташуулары боюнча көчмө жыйын өттү

2023-жылдын 23-декабрында КРдин Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев КРдин Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шайлообек Козубаев менен бирге Ош шаарында Кытай-Кыргызстан жүк ташуулары боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Ага ишкерлер, жүк ташуучулар жана кызыкдар мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрү катышышты. Анда кезеке туруу, жеке ишкерлер уюштурган унаа токтотуучу жайга кирүү, уруксат кагаздарын алуу боюнча талкуу жүрдү.

Жыйынтыгында “Эркештам” өткөрмө пунктуна кезекке туруу үчүн  унаа токтотуучу жайга кирүүсү ар бир ишкердин өз ыктыяры менен, баардык унаа ташуучулар эч кандай тоскоолдуксуз бирдей шартта кезекке турууга мүмкүн экендиктери белгиленди.

Ошондой эле уруксат кагаздарын Министрликтин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгы тарабанын “Электрондук транспорттук көзөмөл” Автоматташтырылган информациялык системасы” (ЭТК АИС) аркылуу берилери белгиленип, ар бир ишкер иш күндөрү каалаган убакта эч тоскоолдуксуз, мыйзамдын талабына ылайык алууга укуктуу экендиги түшүндүрүлдү.

Андан тышкары Министрликтин ишин санариптештирүү максатта, жүк ташуучулар эл аралык жүк ташууга керектелүүчү уруксат кагаздарын алуу үчүн Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине келбей эле “жеке кабинетинен” /elicense.gov.kg/ аркылуу электрондук арыз берүү менен уруксат кагаздарын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, санариптик маалыматтык программа иштелип чыккандыгы маалымдалды.

Ошону менен бирге Ырысбек Бариев, баардык жүк ташуучуларга, Министрлик эл аралык жүк ташууда жаралган жагдайларды биргелешип чечүүгө, биргеликте иш алып барууга даяр экендигин белгилеледи.