mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош шаарынан Өзбекистан Республикасынын Андижан шаарына микроавтобустук жаңы маршрут ачылды

25-сентябрдан баштап Ош шаарынан Өзбекистан Республикасынын Андижан шаарына микроавтобустук жаңы маршрут ачылды. Кыргызстандын бардык жашоочулары мындан ары Ош шаарынан Андижан шаарына микроавтобус менен каттоого мүмкүнчүлүк алышты. Чек арадагы көзөмөл-өткөрүүчү пунктардан өтүүдө бул рейстин жүргүнчүлөрү үчүн жеңилдетүүлөр каралган. Жол жүрүүнүн наркы 100 сомдон 120 сомго чейин. Аталган рейс Ош шаарынын автовокзалынан ар бир 20 мүнөттө кетип турат. Рейстин номери 777. Ушундай эле рейстер Андижан шаарынан Ош шаарына каттайт.
Пресс- кызмат