mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Ош-Сарыташ-Эркештам”автожолдор башкармалыгы интернетте көрсөтүлгөн Ош-Араван-Чекабад автожолу жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирет.

Көрсөтүүдө айтылган жолдун бөлүгү Ош-Араван-Чекабад автожолунун 16-17,2 чакырымы болуп эсептелет. №44-жол тейлөө мекемесинин карамагында турат.

2019-жылдын IV-кварталында октябрь-ноябрь айларында жолдун эскилиги жеткен асфальт жана жер катмарлары алынып, жол түздѳѳ иштери жүргүзүлгѳн. Кыш мезгили башталгандыгына байланыштуу иштер токтотулган. Ал эми 2020-жылдын титулдук планындагы иштердин кѳбү  COVID-19 пандемиясына байланыштуу пландан алынган.

Жергиликтүү тургундар чарба жүктөрүн ташууга, элдердин жүрүүсүнѳ жол кыймылынын үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн Ош облустук башкармалыгына келген  кайрылууларды эске алып, 2020-жылы №44-ЖТМ тарабынан жолдун астыңкы катмарына ири дандуу (крупнозернистый) асфальт төшөлгөн. Керектелген жол курулуш материалдары карызга алынган.

Аба-ырайынын жаан-чачындуу болгондугу жана жолдун ушул бѳлүгүндѳ оор жук ташуучу транспорт каражаттары көп каттагандыгына байланыштуу азыркы учурда жолдо бузуулар пайда болгон.

2021-жылы бюджеттин тартыштыгына байланыштуу аталган жолдун ремонтун аягына чыгаруу үчүн каражат булактары каралып жатат.