mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 111-114-чакырым аралыгында селдин кесепетин жоюу, жолдун жаап калган бөлүктөрүн тазалоо иштери жүрүүдө

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 111-114-чакырым аралыгында селдин кесепетин жоюу, жолдун жаап калган бөлүктөрүн тазалоо иштери жүрүүдө. Жеринде № 959 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, кечээ, 21-июнда саат 18:00дор чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун бир нече жеринде сел жүрүп, каттам кыйындаган.
Ошондой эле, Алай районунун Сопу-Коргон-Терек (3-9-чакырым аралыгы) менен Пад-Аскалы унаа жолдорунда да сел жүрүп, азыркы тапта тазалоо, кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Каттам бар.

Эске салсак, буга чейин Кыргызгидромет борбору 20-22-июнь күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн билдирген.


КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы