mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолундагы абал: Бороон басылбай, жол тынымсыз тазаланууда

Белгилей кетсек, кечээ, 11-апрелде аталган жолдо катуу бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, жол убактылуу жабылган. Жерине Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, бир тараптуу каттам берилген. Тазалоо иштери 214-227-чакырым аралыгында жүрүп, түнкү саат 02:40тар чамасында жол эки тараптуу ачылып, унаалар өткөрүлгөн.

Бирок бороон дагы деле басыла элек. Азыркы тапта жолчулар менен жерине тартылган атайын техникалар тынымсыз иш алып барышууда.

Ал эми аба ырайынын шартын эске албаган айдоочулар жол тыгынын жаратып, атайын техниканын иштешине тоскоолдук жаратууда.

Айдоочуларды эки, үч катарга тизилип, каршы тилкеге чыкпоону суранабыз. Сабырдуу болуп, жол эрежесин так сактоого чакырабыз.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы