mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда эрежени сактабаган айдоочулардын айынан жасалма тыгын жаралды

Жасалма тыгындын пайда болушуна Ош жана Эркечтам тараптан чыккан оор жүк ташуучу унаалар эки-үч катарга тизилип, карама-каршы келе жаткан транспортторго жол бербегендиги себеп болгон. Учурда аймакты тейлеген №960 Жол тейлөө ишканасынын жана Алай РИИБинин кызматкерлери жолдун 175-178-чакырымында жаралган кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүүдө.

Министрлик жол эрежеси сакталбагандыгынан келип чыккан жасалма тыгын жолчулардын ишине гана тоскоол болбостон, авариялык абал жаратып жатканын белгилеп, эрежени так сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы