Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу таштандыдан тазаланды
- 110 просм.
«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №959 Жол тейлөө мекемесинин жолчулары тарабынан Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун тайгак тилкелерине инерттик материалдарды чачуу менен таштандыларды тазалоо иштери аткарылды.
Анда жолдун 37-80-чакырым аралыгында ыргытылган таштандылар жана башка тиричилик калдыктары чогултулду.
Транспорт жана коммуникциялар министрлиги жарандарды табият менен таттуу мамиледе болуп, жолго таштанды таштабоого чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы