mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу бир тараптуу ачылды

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу бир тараптуу ачылды. Белгилей кетсек, буга чейин аталган жолдун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылганы маалымдалган. Учурда жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №960 Жол тейлөө мекемесининин кызматкерлери жана 1 жүктөгүч, 1 автогрейдер менен Ош шаарынан тартылган 1 жүктөгүч жана 1 трейлер иштеп жатат.

Эске салсак, жалпы көлөмү болжол менен 4000 м3дан ашкан жер көчкүсү бүгүн эртең менен саат 09:00дор чамасында жүргөн.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы