mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош облусундагы жолдорду оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Асфальт төшөлүп жаткан жолдордун тизмеси

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, мамлекеттик бюджеттен Ош облусу боюнча учурда жолдорго асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Ага ылайык, Кара-Суу районунун Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 14,5-19,5-чакырым аралыгына асфальт жаткырылууда. План боюнча 5 чакырым жол оңдолот. Бүгүнкү күндө 2,3 чакырымда жумуштар аяктады. Ал эми Кара-Кулжа районунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолун оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат, жалпы 7,2 чакырым жолго асфальт жаткырылат. Ошондой эле, Ноокат районунун Ноокат-Араван унаа жолуна асфальт төшөө иштери аягына чыгуу алдында турат. Жалпы оңдоло турчу 4 чакырым жолдун 3,2 чакырымында жумуштар аяктады.

Мындан тышкары, Алай районунун Гүлчө-Суук-Дөбө унаа жолунун 14,9 – 18,9 чакырым аралыгына жана Араван районунун Араван-Маңгыт (Октябрь айылы аркылуу) унаа жолунун 3 чакырымына асфальт жаткырылды.

Жеринде аймактарды тейлеген жолчулар иштеп жатышат. Жолдор бардык нормаларга ылайык салынууда.

 

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы