mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда (Ноокат району/Ош) аткарылып жаткан иштер боюнча бүгүнкү күнгө карата маалымат

1 бөлүк боюнча: 27,9 км – 29,0 км жолдун негизинин экинчи катмарынын оң тарабын (1 км) тегиздөө иштери аяктады.

29,9 км жана 28,1 км бөлүктөрдө суу өткөрүүчү, диаметри 1 м түзгөн түтүктөр (труба) толук орнотулду, 28,3 км бөлүгүндө түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат.

33,0 км – 33,4 км жараксыз материалдарды казып алуу иштери аткарылууда, 33,9 км – 34,3 жолдун негизинин биринчи катмарын тегиздөө жумуштары жүрүп жатат.

2 бөлүк боюнча: 44,9 км — 46,9 км бөлүктөгү жолдун негизинин экинчи катмарын тегиздөө иштери бүткөрүлдү. Ошондой эле, бул бөлүктө 5 даана суу түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүп жатат.

Аткаруучу: Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу

“Кыргызавтожол” МИ №2 ЖТИси

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы