mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Баткен-Раззаков автожолунда жараксыз эски асфальтобетон сыйрып алуу, тегиздөө, суу өтүүчү түтүктөрдү орнотуу, карьерде шагыл материалын даярдоо жумуштары аткарылып жатат

Ош-Баткен-Раззаков автожолунун (27км 960м — 34км 400м; 40 км 350м — 46км 910м  чакырым аралыгында) эски асфальтобетон  катмарын сыйрып алуу, тегиздөө, суу өтүүчү түтүктөрдү орнотуу, карьерде шагыл материалын даярдоо жумуштары аткарылып жатат.

Ал эми Нарын шаарынын  Жумакаева көчөсүнө (жалпы узундугу  407метр)  кум-шагыл аралашмасын төгүү  жана  Жамгырчы уулу Абас атындагы көчөнүн эски асфальтабетон катмарын сыйрып, тазалоо иштери кызуу жүрүүдө.

Ош-баткен-Раззаков жолуна ( 40-47 км  аралыгында)  бейс аралашмасы төшөлүп, Шамшы, Кант-Чуйский көчөсүндөгү  (3-4 км аралагында) аң-чөнөктөрдү бүтөө үчүн даярдыктар көрүлүүдө.

Ошондой эле, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна 271-306-чакырымына чейин актап-сырдоо жана Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун Арал-Казарман участкасынын  243-291 чакырымдарында таш терүү,  тазалоо иштери жүргүзүлдү.

   

 

 КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы