Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун бөлүгү унаалар үчүн ачык.
- 294 просм.
Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун бөлүгү унаалар үчүн ачык.
Учурда Баткен районунун Төрт-Көчө айылындагы Ош-Исфана жолу ачык.
Баткен районунун Таш-Тумшук, Ак-Сай, Дахма, Орто-Боз, Көк-Таш айылдарында биргелешкен күзөт уюштурулду. Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын кызматкерлери жол коопсуздугун камсыз кылууда.
Учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной тилкелеринде абал туруктуу.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы