mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош аймактык транспорт башкармалыгынын инспекторлору мыйзам бузууларды аныктады

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө боюнча иштер үзгүлтүксүз аткарылууда.
Кече, 2024-жылдын 8-январында жогорудагы департаменттин Ош аймактык транспорт башкармалыгынын инспекторлорунун берген маалыматы боюнча жалпы 6 мыйзам бузуу катталган. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 440-беренеси боюнча 5 протокол түзүлүп, мамлекеттин эсебине 15 миң сом өндүрүлдү. Ал эми 284-беренеси боюнча 1 протокол түзүлүп, 7500 сом айып пул салынды . Бул айып пулдардын жалпы суммасы 22500 сомду түздү.
Мындан тышкары жогорудагы башкармалыкка караштуу Жаны-Арык көзөмөл пункттунда 6 автотранспорттук каражаттары катталып, 2 мыйзам бузуу аныкталды. Анда 440 – берене боюнча 3000 сомдон 2 айдоочуга айып пулдар салынды