mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Оор жүк ташуучу унааларга болгон көзөмөл жакшы натыйжаларга өбөлгө болот

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жайгашкан карьерден чыккан оор жүк ташуучу унааларды текшерүүгө алышты.

Бул рейд Ак-Суу  районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү  жана жол кайгуул кызматкерлери менен бирге жүрдү.  Анда, алар оор жүк  ташуучу унаалардын документтерин, мыйзамда көрсөтүлгөн максималдык салмагын текшеришти.  Рейддин жыйынтыгында мыйзам талаптарын сактабаган 2 айдоочуунун ар бирине 17500 сомдон айып пул салынды.

Бул жерде белгилей кетүүчү жагдай, мындай көзөмөлдүн негизги максаты  салынган жолдордун сапатын сактоо жана талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгилейбиз.