mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ноокаттын жолу тууралуу түшүндүрмө

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун абалы менен таанышып, ыкчам жыйын өткөрдү.

 

Андан соң ведомство жетекчиси социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ноокаттын жолу тууралуу түшүндүрмө берди.

 

“2016-жылдан бери убада берилип, бирок жасалбай келген Ноокат жолун калыбына келтирүү иштери 2023-жылдын март айында башталган.

Бул жол өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен казынадан каралган каражатка “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан оңдолуп, жумуштар эки тилкеде (Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 27+960 – 34+400 жана 40+350 – 46+910 чакырым аралыгында) жүргөн.

Жер иштери жасалып, жол куруу нормаларын так сактоо менен иш ыргагы өз нугунда жүрүп, сентябрь айына чейин жалпы 13 чакырым жолго 9 см калыңдыктагы асфальт басылган.

Жаңы келген 265 техниканын бир бөлүгү биринчи кезекте Ош-Баткен-Раззаков жолуна жеткирилип, атайын алынып келинген унаалар иш ыргагын кыйла ыкчамдатканын белгилеп кетүү керек.

Айта кетчү жагдай, аталган жолдогу аткарылган жумуштар иш ушу менен толук токтоду дегенди билдирбейт.

Эки тилкеде каралган көпүрөлөрдүн курулушу, жол четине лотокторду орнотуу, тротуар салуу, жарыктандыру сыңдуу жумуштар буга чейин белгиленген планга ылайык уланат.

Алдыда эл аралык макамга ээ болгон бул жолдун интенсивдүүлүгүн эске алып, жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында дагы 6 см калыңдыктагы асфальт (ШМА) төшөлөт. Бул иштер жеринде курулган асфальт-бетон заводу жана жаңы технология менен жасалат.

Ал эми толук аягында чыга элек жолдон кыйкым издеп жаткандарга кыскача түшүндүрмө берүүнү туура көрдүм.

“Биринчи катмары басылып, бүтө элек жолго жол сызыктарын чийип салышты” дегендерге айта кетсем, быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен Насирдин Исановдун 80 жылдыгы Ошто белгиленди.

Баарыбыз билгендей, Насирдин Исановдун кичи мекени – Ноокат району. Мындан улам мааракеге көп коноктор чогулду. Ага байланыштуу биринчи катмары бүткөн жолго элдин коопсуздугу үчүн убактылуу жол белгилери чийилди. Ал жөн эле краска, жолдун белгилерин чийген краска ал башка болот.

Ал эми жолдун кичинекей бөлүгүн тасмага тартып алып, бат эле бузулуп калды деген жарандарыбызга да түшүндүрмө бере кетсем. Жасалып жаткан жолдо пайда болгон майда кемчиликтер бул кадыресе көрүнүш. Жол салуу үчүн түзүлгөн келишимде кемчиликтерди аныктоо, аны оңдоо үчүн атайын деффектик мезгил каралган (деффектный период). Аныкталган кемчиликтер подрядчы тарабынан жасалат. Ошондой эле жол колдонууга берилгенден кийин дагы кепилдик мөөнөтү болот. Бул мыйзамда да белгиленген.

Ошондой эле, видеого тартып, туура эмес пикир жаратып жаткандардын арасында курулуш башталганда “бизге тендерди бер, биздин асфальт заводдон сатып алгыла”-дегендер бар.

Андыктан айрым жарандарды жеке кызыкчылыкты көздөп, элдин оюн бурмалап, туура эмес маалымат таратуудан алыс болууга чакырып кетет элем. Ар бир ишти этап-этабы менен көрсөтүлгөн мөөнөттө бүтүрүп, колдонууга берүү министрликтин түздөн-түз милдети”,- деп билдирди Тилек Текебаев.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы