mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Нарын шаарынын Исаков кѳчѳсүндѳ 450 метр асфальт тѳшѳлдү

Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен  Нарын шаарынын  Исаков кѳчѳсүндѳ  450 метр  асфальт тѳшѳѳ иштери  бүттү. Бул аталган жумуш  Транспорт жана жол министрлигинин  алдындагы жол чарба департаментинин № 8 жол тейлѳѳ башкармалыгы  тарабынан курулду. Асфальт тѳшѳлгѳнгѳ чейин шаар тургундары ан- чоноктүү автожол менен жүруп кыйналган болсо учурда түз асфальт менен жүруп  аз да  болсо элге жакшы шарттар түзүлдү. Аталган жолго асфальт тѳшѳлүп,  керектүу жол белгилери орнотулду.  Президенттин указынын негизинде рай центрлерге 3 км жол куруу боюнча быйыл  152,9 чакырым каралган. Учурда 117,1 чакырымга асфальт тѳшѳлдү.

Пресс- кызмат