mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Нарын облусундагы Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусундагы Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №957 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын тартылган техникалар иштеп жатышат.

Быйыл жалпы 14 чакырымды түзгөн Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолунун 3 чакырымын асфальттоо каралган. Жумуштар июнь айында башталып, алгач жер иштери жүргөн. Азыркы тапта асфальт төшөө жумуштары башталып, 300 метрдей жол жасалды.

Бул жерде иштер жыйынтыкталган соң, Калинин-Жаңы-Күч айылдарынын ортосуна (3 чакырым) асфальт төшөө жумуштары башталат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы