mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Нарын” аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери өз нугунда жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “Нарын” аэропортун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларын оңдоо, калыбына келтирүү милдеттери КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлгөн. Алсак, КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин биринчи орун басары Талант Солтобаев  Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында ал жакта курулуп жаткан аэропортко  барып, аткарылып жаткан иштер менен таанышты.  Анда Т.Солтобаев бул долбоорду  ишке ашыруунун үстүндө иштеп жаткан адистер менен жолугуп, аларга жолдорду оңдоо иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу,  талаптагыдай деңгээлде жүргүзүү жана белгиленген мөөнөттө  аяктоо тапшырмасын берди.

Бүгүнкү күнгө аткарылып жаткан иштерге кыскача токтоло кетсек, Нарын аэропортунда 23 300 пм жаракаларды битум аралашмасы менен жамоо, 800м2 аң чөнтөктөрдү жамоо иштери жүрдү. 108 000м2 георешетка  450 данна тосмо алынып келинди.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы