mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Нарын” аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери өз нугунда активдүү жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “Нарын” аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.  Ал, “Манас” аэропорту менен «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалынын эки тараптуу түзүлгөн келишиминин негизинде ишке ашууда.

Бүгүнкү күндө Нарын аэропортунда 23 300 п/м жаракаларды битум аралашмасы менен жамоо иштери жүргүзүлдү. Учак учуп конуучу тилкесине 60 200 м2 асфальт төшөө, 68 000 м2 георешетка төшөө , 70 000 м2 битум чачуу, 2886 м2 аң-чөнөктөрдү жамоо, 21450м2 учуп конуу тилкесинин жээгиндеги отоо чөптөрдү автогрейдер менен кырып тазалоо иштери бүткөрүлдү. Мындан сырткары, административдик имаратынын алдында 3495 м2 негизги бөлүгү (основания ) даярдалды. Рулеждик аянтчага кабель өткөрүү үчүн 20 метр траншея казылып, бетон аралашмасы куюлуп даярдалды. 200 п/м суу өтүүчү лотоктор, 350 метрге бордюр орнотулду, аэропорттун перрон аянтчасына аң-чөнөктөрдү жамоо үчүн 4000 м2 эски асфальт катмары сыйрылды.

 

 

 

 

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.