mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 41-43,2-чакырым аралыгына асфальт басуу иштери башталды. Аймактарда аткарылган иштер тууралуу маалымат

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 41-43,2-чакырым аралыгына асфальт басуу иштери башталды.

Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолунда орто оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 34-40-чакырым аралыгында жол элементтерин, көпүрөлөрдү актап, сырдоо жумуштары жүрүп жатат.

Тараз-Покровка-Кайыңды унаа жолунун 14-17.5-чакырым аралыгында аң-чөнөктөр жамалууда.

Арал-Миң-Куш жолунда шагыл төшөө жумуштары жүрүүдө (12-15-чакырым аралыгы).

Кара-Кулжа-Ак-Кыя унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөр толтурулду.

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт жолунун 137-138-чакырым аралыгындагы жол ортосундагы темир бетон тосмонун түбү шыпырылып, 133-135-чакырымдагы арыктардын ичи тазаланды.

Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 36-73-чакырым аралыгында жайгашкан аялдамалар тазаланып, аталган жолдун 17-чакырымда жаралган аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүүдө.

Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка автоунаа жолунун 72-80-чакырымын автогрейдер менен тегиздеп сүрүү жумуштары аткарылды.

Нарын шаарындагы Молдокадыров көчөсүнө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат (774 м). Ошондой эле калаанын Төрөбаев атындагы көчөсүнүн эски асфальт-бетон катмарын сыйрып тазалап, кум-шагыл аралашмасын төгүү жумуштары жүрүүдө. Мындан тышкары, Нарын-Баетов унаа жолунун 45-55-чакырымында жаралган аң-чөнөктөрдү жамоо иштери аткарылууда.

Аң-чөнөктөрдү жамоо Орловка-Чым-Коргон жолунда дагы жүрүүдө.

Баетов-Макмал жолунун профилин чыгарып, суу себилип, эки чакырымын таптоо иштери жүрүп жатат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы