mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна кайрадан кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна кайрадан кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды.

Кар көчкүлөр аталган жолдун 88-89-чакырым аралыгына түшкөн. Көлөмдөрү такталууда. Азыркы тапта Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №26 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду тазалап жатышат. Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-январга караган түнү саат 03:00дор чамасында Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түшүп, тынымсыз тазалоонун натыйжасында эртең менен саат 08:20да жол ачылып, каттам берилген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы