mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Минтранс: Жакынкы арада Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун реконструкциялоодогу карыз акчалар төлөнүп берилет

Балыкчы –Чолпон-Ата –Корумду автожолунун реконструкциялоодогу карыз акчалар төлөнүп берилип айлык акылар берилет. Кечиктирүүнүн себеби  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министлигинин астындагы Жол чарба департаменти жана  Лонг Хай компаниясы  ортосунда   Балыкчы –Чолпон-Ата –Корумду  авто жолунун кредиттик жана дебитордук карыздарын  тактоо боюнча пландык иштер аткарылгандыгын эсептөө негиз болду. Эсептелип чыккан соң, Буйрутма берген тарап – Жол чарба департаменти  подрядтык компания «Лонг Хай» га карыз болгону билинди. Азыркы учурда Транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаменти тарабынан (Заказчик тараптан) Балыкчы –Чолпон-Ата –Корумду автожолунун реконструкциялоодогу карыздалган акчаларды анын ичинен айлык акы жана налогторду  төлөп берүү үчүн КР Каржы министрлигине заявка берилди.

Маалым болгондой,  Балыкчы –Чолпон-Ата –Корумду автожолунун каржылоосу чечиле электе эле  жолду реконструкциялоо  кабыл алынып, каржы маселеси жолду куру мезгили менен катар  чечилип баштаган. Муну менен катар курулуп жаткан учуру менен катар долборлоо жүргүзүлгөн.  2016-жылдын 1- августуна  жолдун куру иши контранктын көлөмүнөн 33 пайызын түзгөн.  А жалпысынан  2016- жылдын 10 – декабрь айына  аткарылганы 21,3 пайызды түзөт.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министлигинин астындагы Жол чарба департаменти азыркы этапта инвентаризация өткөрүүдө. Башкача айтканда, Лонг Хай компаниясынын аткарган иштерин  сапатын жана компаниянын пландары текшерүү жургүзүлгөн . Бул текшерүү иштеринин баардыгы 2017-жылы  жолду реконструкциялоонун өз убагында бүтүшүн  үчүн.

 

КР МТиЖ  Пресс-кызматы