mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ылай-Талаа – Гүлчө автожолунун 55 километри реконструкцияланууда

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө автожолун реконструкциялоо иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. Долбоордун алкагында жолдун 55 чакырым тилкесин жаңылоо каралган. Учурда жол тилкесинде жалпы жер жумуштары жүргүзүлүүдө. Долбоорго ылайык, жолдун туурасы 16 метрге чейин кеңейтилди. Бүгүнкү күнгө карата 8 километр тилкеге асфальттын биринчи катмары төшөлдү.

Долбоорго ылайык, жолго эки катмар асфальт төшөлөт. Биринчи катмардын калыңдыгы 9 сантиметрди, экинчи катмардын калыңдыгы 6 сантиметрди түзүп, асфальттын жалпы калыңдыгы 15 сантиметр болот. Мындай технология жолдун бекемдигин жана узак мөөнөттүү пайдаланылышын камсыздайт.   Курулуш иштерине учурда 6 экскаватор, 22 самосвал, 6 жүктөгүч, 4 каток, 3 суу ташуучу унаа, 2 грейдер, 1 асфальт төшөөчү техника жана 1 манипулятор тартылган. Ошондой эле 140ка жакын жумушчу катышып, асфальт өндүрүү үчүн бир асфальт-бетон заводу иштеп жатат.

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен өлкөнүн алыскы аймактарындагы жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Курулуш иштеринин жүрүшү жана аткарылып жаткан жумуштардын сапаты Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы