mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Минтранс айдоочулардын квалификациясын жогорулатып, Европада айдоочулук кызмат менен камсыз кылуу максатында иш алып барууда

КРдин Транспорт жана коммуникациялар   министрлигинин «Өндүрүш – инновациялык борбору» мамлекеттик мекемесинин  «Квалификацияны жогорулатуу жана окутуу» бөлүмү жол жана сууда жүрүүчү транспорт багытындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу иштерин жүргүзүп келет.

«Квалификацияны жогорулатуу жана окутуу» бөлүмү КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин билимди жогурулатуу ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча укук берүүчү лицензияларга ээ. Алсак, айдоочулар үчүн төмөнкүдөй  багытта курсттар өткөрүлөт.

  • Эл аралык автомобилдик жүк ташуу менен алектенген юридикалык жактардын жетекчилерин, адистерин жана айдоочуларын кыска мөөнөттүү 82 жана 40 сааттык курстардан өткөрүү.
  • Жүргүнчүлөрдү ташуу, жүк ташуу менен алектенген айдоочулардын, адистердин жана жетекчилердин квалификациясын жогорулатуучу 82 жана 40 сааттык курстары.
  • Сууда жүрүүчү транспортунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу менен алектенген юридикалык жактардын жетекчилерин, адистерин жана айдоочуларын кыска мөөнөтүү 82 жана 40 сааттык курстардан өткөрүү.

Ошондой эле «Өндүрүш – инновациялык борбору» мамлекеттик мекемесинин «Квалификацияны жогорулатуу жана окутуу» бөлүмү Литвалык «Гиртека» компаниясы менен биргеликте жергиликтүү айдоочуларды Европада иш менен камсыз кылуу максатында биргеликте  иш алып барат. Ишке кабыл алуу процессинде «Эмгек жана эс алуу режими» боюнча теориялык сабактар өткөрүлөт.

Квалификацияны жогорулатуу жана окутуу бөлүмү 2023-жылдын 11 айына карата:

  • Автомобиль транспорту менен жүк жана жүргүнчү ташуучу адистерди 82 сааттык программа боюнча 130 адис окутулду.
  • Суу транспортундагы адистерди 40 сааттык программа боюнча 150 адис окутулду.
  • Литвалык «Гиртека» компаниясы менен 195 айдоочу даярдыктан өтүп, 80 адам Европада айдоочулук кызмат менен камсыз болду.