mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министрликтин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин техникалык кеңеши өттү

Бүгүн, 24-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде ведомствого караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин техникалык кеңеши өттү.

Жети айдын жыйынтыгын талкуулаган иш-чара департаменттин директору Тариель Келдибековдун төрагалыгы астында өтүп, ага жетекчилик жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты. Жалпы күн тартибине 5 маселе коюлуп, жергиликтүү жетекчилер жети айдын отчету, 2023-жылдын январь айында өткөрүлгөн техникалык кеңеште берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу баяндамаларды жасашты. Ар бир докладдын аягы суроо-жооп менен коштолду.

Аймактык башкармалыктардын жетекчилери өз ишмердүүлүгүндө айрым жаралган көйгөйлөргө токтолуп, транспорттук көзөмөлдөө пункттарында (ТКП) тараза жабдыктарын жаңылоо, видео байкоо камераларын орнотуу, жаңы ачылган Кербен, Ат-Башы, Салам-Алик ТКПларда штат бирдигин ачып берүү, транспорт каражаттарын жаңылоо маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында кээ бир транспорттук көзөмөлдөө пункттарында жүрүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү, кышка даярдык, алдыга коюлган пландар тууралуу маалыматтар айтылды.

Кеңештин жүрүшүндө экинчи жарым жылдыкка карата тапшырмалар коюлуп, жетекчилерге өз милдеттерин так аткаруу менен коррупциялык элементтерди болтурбоо жана жоюу жаатында күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы катуу көзөмөлгө алынары айтылды.

Иш-чаранын аягында 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата ишинде жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн жетекчилер жана кызматкерлерге атайын сыйлыктар тапшырылды.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы