mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министрликтин Транспорт башкармалыгынын башчысы Адылбек Акматов ардактуу эс алууга чыкты

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Транспорт башкармалыгынын башчысы Адылбек Акматовду ардактуу эс алууга узатуу аземи өткөрүлдү. Иш-чарага борбордук аппараттын кызматкерлери катышты. Эс алууга узап жаткан жетекчини министр Тилек Текебаев куттуктап, көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, бай тажрыйбасы жана билимин жаш адистер менен бөлүшкөн жетекчиге ыраазычылык билдирди.
“Мамлекеттик кызматта жарым кылымга чукул иштеп, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымыңызды коштуңуз. Биздин эшик сизге ар дайым ачык. Каалаган учурда келип, кеп-кеңештериңизди угууга биз даярбыз”,-деди министр. Ал башчыга бекем ден соолук, бакубат жашоо каалап, атайын даярдалган белектерди тапшырды.
Өз кезегинде Адылбек Акматов жетекчиликке, кесиптештерине ийгиликтерди каалап, ой-тилегин айтып, батасын берди.
Белгилей кетсек, ардактуу эс алууга узап жаткан Адылбек Акматов 1979-жылдан тарта транспорт тармагында эмгектенип келет. Соңку 13 жылдан бери Транспорт башкармалыгын жетектеп, бул убакыт аралыгында өзүн министрликтин ишине салмактуу салым кошкон, сыйга татыктуу жетекчи катары көрсөтө алды.
Ал эми анын ордуна Аскар Эсеналиев дайындалды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы