mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министрликтин кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 26-июнь күнү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин чоң залында өткөн жыйналыштын жүрүшүндө ак ниет жана ачык иштеп, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошкон мекеменин кызматкерлери сыйланды. Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин сыйлыктарын ведомство жетекчиси Тилек Текебаев тапшырды.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадырын көтөрүп, бул чөйрөнү өнүктүрүүдө өз салымын кошуп келе жаткан кызматкерлер агенттиктин грамотасы, Ардак грамотасы жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси менен сыйланышты.

Алган сыйлыктар чек болбосун деген министр, өлкөнүн өргө карай багыт алышына кесипкөй, компетенттүү, демилгелүү жана жоопкерчиликтүү кызматкерлердин орду чоң экенин белгилеп, мамлекеттин экономикалык жана социалдык өнүгүүсү, жарандарыбыздын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн кесиптик билимди толук кандуу пайдалануу менен иштөөгө чакырып өттү.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы