mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министрликтин кызматкерлери Министрлер Кабинетинин Ардак Грамоталары менен сыйланышты

Өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы жана кесиптик ишинде жетишкендиктери үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ондон ашык кызматкери Министрлер Кабинетинин Ардак Грамотасы менен сыйланышты. Иш-чарага МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров катышып, сыйлык ээлерин келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн ар тармакта эмгектенген 103 адам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланса, 43 адамга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыш жарыяланды.

Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланган КРдин ТжКМдин кызматкерлеринин тизмеси:

Асаналиев Санжар Турганбаевич – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорду ишке ашыруу тобунун координатору;

Бапаева Жанна Халиловна — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун укуктук жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Бейшебаев Таалайбек Ыксанович — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынын директору;

Дүйшебаев Алмазбек Джанышбекович — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Экономика, талдоо жана стратегиялык пландоо башкармалыгынын башчысы;

Жамалдинов Бакыт Кудайбергенович — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорду ишке ашыруу тобунун келишимдерди башкаруу боюнча адиси;

Исмаилов Шаршаке Шамшиевич — — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Чүй филиалынын №1 ЖТИнин №2 жол оңдоо пунктунун жол устаты;

Карагулов Алтынбек Адылбекович — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институтунун башкы инженери;

Кошоев Уранбек Догдурович — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Чүй филиалынын директору;

Курманалиев Уланбек Карыпбекович — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорду ишке ашыруу тобунун сатып алуулар боюнча башкы адиси;

Мартынова Любовь Алексеевна — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын башкы бухгалтери;

Мельник Евгений Владимирович — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институтунун долбоорлоо башкармалыгынын жасалма курулуштар жана инженердик эсептөөлөр бөлүмүнүн башчысы;

Мияров Марат Эшимович — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин №1 Чүй региондук бөлүмүнүн башчысы;

Мураталиев Акчабай Аманович — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын №23 ЖТИнин башкы инженери;

Шабданалиев Рыспек Абдиевич — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын транспорт ишин жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы