mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министрликтин кызматкерлери лазердик профилометр менен иштөө боюнча окуудан өтүштү

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жолдордо коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылуу үчүн инновацияларды жана заманбап технологияларды киргизүүнү улантууда. Бул багыттагы көрүнүктүү кадамдардын бири лазердик профилометрди ишке киргизүү болду. Ал жол катмарынын абалына мониторинг жүргүзүүнү кыйла жөнөкөйлөтүп, сапатын жакшыртат.

Лазердик профилометр — жол беттеринин үч өлчөмдүү профилдерин өлчөө жана алардын абалын баалоо үчүн арналган заманбап аппарат. Бул курал жол беттеринин так 3D моделдерин түзүү үчүн лазердик сенсорлор жана GPS технологиясы менен жабдылган. Лазердик профилометрлер жолдордун, аэродромдордун жана башка беттердин абалына, аларды курууга жана үзгүлтүксүз тейлөөгө талдоо жүргүзүү жана көзөмөлдөө үчүн колдонулат.

 

Лазердик профилометрдин артыкчылыктары:

 

  • Жогорку тактык: лазердик профилометрлер жол профилин миллиметрдик тактык менен өлчөөгө жөндөмдүү, бул кемчиликтерди жана мыйзам бузууларды аныктоого жана жоюуга мүмкүндүк берет;

 

  • Ылдамдык жана эффективдүүлүк: лазердик профилометрди колдонуу менен маалыматтарды чогултуу реалдуу убакыт режиминде ишке ашат, бул жол катмарынын абалын баалоо процессин кыйла тездетет;

 

 

  • Автоматташтыруу: аппарат маалыматтарды автоматтык түрдө жазып алат, бул адам факторун жокко чыгарат жана каталардын пайда болуу ыктымалдыгын азайтат;

 

  • Ресурстарды үнөмдөө: көйгөйлүү аймактарды тез аныктоо жана оңдоо иштерин оптималдаштыруу менен лазердик профилометрлер финансылык жана убакыт ресурстарын үнөмдөйт.

 

 

2023-жылдын 31-октябрынан 2-ноябрына чейинки аралыкта Кочкор айылында Greenwood компаниясынан заманбап лазердик профилометрди сатып алуунун алкагында лазердик профилометр менен иштөө боюнча окуу өткөрүлдү.

Тренингге КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ар кайсы бөлүмдөрүнөн жети адис катышты. Бул тренингде катышуучулар лазердик профилометрдин иштөө принциби менен тааныштырылды. Андан соң министрликтин кызматкерлери талаа шартында лазердик профилометрдин иштөөсүн көрсөтүүгө катышып, ошондой эле ар кандай типтеги жеңил унааларга аппаратты орнотуу жана калибрлөө боюнча окуудан өтүштү. Тренингдин акыркы күнү катышуучуларга жолдо талаа өлчөөлөрү учурунда алынган маалыматтарды иштетүү үчүн ноутбукка адистештирилген тиркемени орнотууну жана колдонууну үйрөтүүгө арналды. Окуу күнүнүн аягында ар бир катышуучуга квалификациясын жана лазердик профилометр менен иштөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган сертификаттар тапшырылды.

 

Кыргыз Республикасында жол тармагын ийгиликтүү трансформациялоонун негизги аспектилеринин бири өз кызматкерлеринин кесиптик өнүгүүсүнө инвестициялоо болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.К.Текебаевдин кызматкерлерди үзгүлтүксүз окутуу боюнча демилгеси — министрлик кызматкерлердин потенциалын жогорулатуунун маанилүүлүгүн түшүнүп гана тим болбостон, максатка жетүү үчүн жигердүү иш алып барып жатканын тастыктайт. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өз кызматкерлерине мыкты билимге жана дүйнөлүк тажрыйбаларга жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө. Мындай мамиле министрликтин кадрдык потенциалын гана бекемдебестен, жалпысынан жол тармагын кыйла натыйжалуу жана инновациялык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.