mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министрликтин Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдукахар Ибрагимов ардактуу эс алууга чыкты

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Абдукахар Ибрагимовду ардактуу эс алууга узатуу аземи өткөрүлдү. Иш-чарага борбордук аппараттын кызматкерлери катышты. Эс алууга узап жаткан кызматкерди министр Тилек Текебаев куттуктап, көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, бай тажрыйбасы жана билимин жаш адистер менен бөлүшкөнүнө ыраазычылык билдирди.

“Мамлекеттик кызматта кырк жылдан ашык иштеп, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымыңызды коштуңуз. Биздин эшик сизге ар дайым ачык. Каалаган учурда келип, кеп-кеңештериңизди угууга биз даярбыз”,-деди министр. Ал ыйгарым укуктуу өкүлгө бекем ден соолук, бакубат жашоо каалап, атайын даярдалган белектерди тапшырды.

Өз кезегинде Абдукахар Ибрагимов жетекчиликке, кесиптештерине ийгиликтерди каалап, ой-тилегин айтып, батасын берди.

Белгилей кетсек, ардактуу эс алууга узап жаткан Абдукахар Ибрагимов эмгек жолун 1981-жылы баштап, 40 жылдан ашык убакыттын ичинде бир топ кызматтарды аркалаган. Соңку 13 жылдан бери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин кеңешчиси, башкармалыктын башчысы болуп, 2016-жылдан тарта Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп иштеп келет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы