mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министр Тилек Текебаев Сосновка орто мектебинин ачылышына жана билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка орто мектебинин жаңы курулган корпусу бүгүн, 1-сентябрда ишке берилди. Анын ачылышына жана билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев катышты. Ведомство жетекчиси мектептин жалпы жамаатын жана окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.
“Билим, илим жана маданиятты сыйлаган өлкө үчүн бүгүн өзгөчө майрам.
Дал ушул күнү жеткинчектер биринчи ирет мектеп босогосун атташат, алар үчүн билим дүйнөсүнүн жаңы барактары ачылып, чоң келечектин алгачкы кадамдары ташталат.
“Билимдүүгө дүйнө жарык” деген накыл кептегидей, мектеп босогосун аттаган ар бир баланын татыктуу билим, туура тарбия алышына өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, бардык шарттар түзүлүп келет.
Билим күнүндө Кыргызстан боюнча 43 жаңы мектептин имараты колдонууга берилди. Алардын арасында мына сиздердин мектебиңиздер дагы бар. Башталгыч класстар үчүн кошумча курулган корпус жаңы окуу жылына карата бүткөрүлүп, пайдаланууга берилип жатат. Жаңы мектеп ак жолтой болуп, улутубуздун уңгусу, өлкөбүздүн байлыгы, мамлекетибиздин келечеги болгон билимдүү жаштарды тарбиялап чыгарына тилектешмин”,-деди министр.
Ал таалим-тарбиялуу, билимдүү жаштар гана алдына конкреттүү максат коюп, турмуш жолуна ишенимдүү чыйыр салып, коомчулукта татыктуу ордун таба аларын билдирди.
Белгилей кетсек, Сосновка орто мектебинде 1690 окуучу окуйт. Эки сменге бөлүнүп билим алган окуучулардын башталгыч класстар үчүн каралган корпусунун эскилиги жеткендиктен 2015-жылы ордуна жаңы имарат салынып баштаган. Курулушу аяктап, жабдуулар, эмеректер, керектүү окуу куралдардын баары алынып, бүгүн пайдаланууга берилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы