mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министр Тилек Текебаев салмак-габаритти көзөмөлдөө посторун күтүүсүз текшерди

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев салмак-габаритти көзөмөлдөө посторун күтүүсүз текшерүүгө алды. Айттырбай келген мекеме жетекчиси Жерде жүрүүчү жана суу чарба департаментинин посттордо иштеген кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө, протоколдордун, тиешелүү кагаздардын туура толтурулушуна көз салды. Мекеме жетекчиси таразалардын негизги функциясы — бул элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын баса белгиледи.

Кызматкерлерди өз милдетин так аткарып, адилеттүү, калыс, жоопкерчиликтүү жана жаман ойдон алыс болууга чакырган Тилек Текебаев кандайдыр бир бузуулар катталса, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертип өттү. Ал министрлик коррупция менен болгон күрөштү колдоп, милдетин аткара албаган кызматкерлер кесипкөй адистерге алмаштырыларын айтты.

Мындан тышкары, мекеме жетекчиси белгиленген өлчөмдөн көп жүк ташуу, жолдордун талкаланышына алып келерин билдирип, айдоочуларды да жоопкерчиликке чакырып өттү.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча 20 салмак-габаритти көзөмөлдөө посту иштейт. Транспорт каражаттарын көзөмөлдөөнү жакшыртуу жана андагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында мындай күтүүсүз текшерүүлөр байма-бай жүргүзүлүп турарын мекеме жетекчиси белгилеп өттү.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы