mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министр Тилек Текебаев автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

«Урматтуу автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери!
Тармактын ардактуу ардагерлери!
Сиздерди жыл сайын берекелүү күз мезгилинде белгиленип келген кесиптик майрам — Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Баарыбызга белгилүү болгондой, жол-транспорт тармагы өлкөбүздүн турмушунда, анын инфраструктурасын өнүктүрүүдө, региондор ортосунда ишенимдүү, үзгүлтүксүз транспорттук байланышты камсыз кылууда өзгөчө роль ойнойт.
Бүгүнкү күндѳ, транспорт жана жол чарба тармагын өнүктүрүүгѳ мамлекет тарабынан орчундуу көңүл бурулууда. Казынадан бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйүп, өз күчүбүз менен жол салууга билек түрө кириштик. Ош-Баткен-Раззаков, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолу сыңдуу чоң долбоорлорду биздин ишкананын жолчулары ишке ашырууда.
Жолдорду оңдоо жана курууда иш ыргагын ыкчамдатуу үчүн жаңы техникалар алынып келинип, аймактарга таратылып берилди. Жаңы унаалардын келиши менен жети дубан жолдорун асфальттап, оңдоо жумуштары да кызыды.
Ошондой эле, инвестициялык долбоорлордун алкагында ишке ашып, келээрки жылы аяктоо алдында турган Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушу, Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» тоннелинин туташтырылышы, Бишкек-Ош жолундагы көчкүдөн коргоо галереясынын пайдаланууга берилиши — сиздердин талыкпас эмгегиңиздердин жыйынтыгы.
Мындан тышкары, акыркы жылдары жаңы транспорттук коридорлордун ачылышы менен эл аралык байланышка жакшы өбөлгө түзүлгөнүн дагы баса белгилеп кетким келет. Бул жаатта көзөмөлдү күчөтүү да өз жемишин берүүдө. Ага бюджетке түшкөн каражаттын көлөмү кыйла өскөнү далил.
Жогоруда мен санап өткөн жана аткарылып, бирок айтылбай калган иштердин аркасында автомобиль транспорту жана жол чарба тармагынын күжүрмөн кызматкерлери турат.
Урматтуу автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери!
Ары жооптуу, ары татаал ишиңиздерди ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн!
Баардыгыңыздарга бекем ден соолук, берекелүү турмуш каалайм».