mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министр Тилек Текебаев 8-декабрь — Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин кесиптик майрамын утурлай ЖМК өкүлдөрү менен жолукту

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 8-декабрь — Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин кесиптик майрамын утурлай жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Анда министр ЖМКнын коомдук пикирди чагылдыруудагы, эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуу менен жасалган иш аракеттердин жыйынтыгын калкка кенен жеткирүүдөгү ролун белгилеп, көз карандысыз, кырдаалга калыс баа берүү менен өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жаткан журналисттерге ыраазычылыгын билдирди.

Жылуу маанайда уланган жолугушуунун жүрүшүндө Тилек Текебаев айрым ЖМК өкүлдөрүнө министрликтин Ардак грамотасы менен Ыраазычылык катын тапшырды.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы