mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министр Г.Абдралиева Венгриянын авиакомпаниясынын ѳкүлдѳрү менен жолугушту

2021-жылдын  8 апрелинде   Кыргыз Республикасынын транспорт, курулуш, архитектура жана коммуникация министрлигинин аянтчасында министр Г.Абдралиева  «Wizz air» авиа компаниясынын жетекчиси Йожеф  Варади жана башка делегациянын ѳкүлдѳрү жана Кыргыз Республикасындагы Венгер Консулу Секе Саболч менен Будапешт-Бишкек-Будапешт жана Бишкек-Абу-Даби-Будапешт авиа каттамдарынын ачылышы боюнча жолугушуу болуп ѳттү.

Жолугушууда кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жетекчиси,министрликтин алдындагы Жарандык авиация агенттиги, ААК « Манас» аэропортунун ѳкүлдѳрү жана  министрликтин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын ѳкүлдѳрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ министр Г.К.Абдралиева  ѳлкѳ башчылары тарабынан жетишилген стартегиялык ѳнѳктѳштүктү ишке ашыруу башкы максаттар экенин белгилеп, ачылып жаткан авиа каттамдар эки мамлекеттин кызматташуусунун негизи болуп калаарына ишенимин арттырды.

Тараптар авиа каттамдын ачылышы боюнча деталдуу жана конкретүү кадамдар, Кыргыз Республиасынын туристтик потенциалы жана  аэропорттук инфраструктурасы жѳнүндѳ пикир алышышты.

Венгердик авиакомпаниянын ѳкүлдѳрү жарандарга болгон бардык шарттарды түзүп берээрин ишендирип ѳтүштү.

Жолгушуунун аягында тараптар мындан аркы мамлекеттер аралык кызматташууну ѳркүндѳтүшѳрүн жана авиа каттамдын ачылышы соода-экономикалык, туристтик тармактарды ѳнүктүрүүдѳ башкы кѳпүрѳ болуп калаарын белгилеп ѳтүштү.