mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Михайловка-Николаевка-Токтоян унаа жолу асфальтталды

Түп районундагы Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолунун 8 чакырым 800 метр жерине асфальт төшөлдү. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынын жолчулары иштеп, жаңы алынып келинген техникалар иш ыргагын кыйла ыкчамдатып, жумуштар белгиленген мөөнөттөн эрте жыйынтыкталды.

Быйыл жалпы 81 чакырымды түзгөн Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолунун 8 чакырым 800 метр жерине 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган. Жер иштери июль айында башталган. Этап-этабы менен жасалган бул жол бардык нормаларга жооп берет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы