mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Ысык-Көл облусуна караштуу Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №4 Жол тейлөө мекемесинин 10 чакты кызматкерлери жана 13 атайын техника иштеп жатат.

Быйыл жалпы 81 чакырымды түзгөн Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолунун 6 чакырым 600 метр жерине 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган. Учурда жумуштар ортодон ооп, 3,5 чакырым жолго асфальт жаткырылды. Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы