mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын өткөрүүдө

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын өткөрүүдө. 2023-жылы лотереянын утушу эки этапта өтүүдө.

Биринчи этабы 26- июндан 1-июлга чейин өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 1183 баалуу байгенин, анын ичинде 10 электромобиль жана Дубайга эки кишилик 3 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталган. Ал эми утуштун экинчи этабы 25-декабрдан 30-декабрга чейин болот, анда 1244 баалуу байге ойнотулат, анын ичинде 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен.

Лотереянын максаты – калктын салык маданиятын калыптандыруу, жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу, ишкерлер тарабынан контролдук кассалык машиналарды колдонуусуна коомдук контролду күчөтүү.

Бул акциянын алкагында Салык кызматы жарандарды лотереяга катышууга үндөп, товар же кызмат сатып алууда кассалык чектерди талап кылуунун зарылдыгын түшүндүрүүдө.

Урматтуу жарандар, кассалык чек талап кылып, экономиканын көмүскө секторун ачыкка чыгарууга кошулуңуздар!

Салык кызматынын лотереясына катышып, баалуу белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн өткөрүп жибербеңиз.

25-30-декабрда лотереянын утушунун 2-этабы болот, анда 1244 байге, анын ичинде Бишкектен 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.

Товарларды же кызматтарды сатып алууда алынган кассалык чектерди «Салык чек» тиркемесинен сканерден өткөрүңүз.

Толук маалыматты lottery.salyk.kg сайтынан алууга болот».

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.