mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Мамлекеттик маанидеги унаа жолдорду тазалоо жана андагы жол белгилерин сырдоо иштери кызуу жүрүүдө

Жай мезгилинде туристердин агымы көбөйгөнү мамлекеттик маанидеги унаа жолдордун абалына жана тазалыгына өзгөчө көңүл бурулуп жатат.  Учурда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда  (306-345-чакырымында) парапеттердин түбүндө өскөн чөптөрдү жана ар кандай таштандыларды тазалоо иштери жүрүүдө. Мындан сырткары, Бишкек-Нарын-Торугарт  автожолунун чөгүп кеткен жерлерине жол белгилери орнотулду. Ал эми Көкмойнок-Кувакы автожолунда  (0-26.1 км)  жайкы белги берүүчү мамычаларды жана жол белгилерин сырдоо иштери жүрүп, эс алуу аянтчалары таштандылардан тазаланууда.  Нарын-Өрүк-Там автожолунун 20-50-чакырым аралыктарын автогрейдер менен профилировкалоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле, Ат-Башы-Развилка унаа жолунда парапеттин түбүндө өскөн чөптөрдү кыруу жана ар кандай таштандыларды тазалоо иштери жүрүүдө.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.