mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Мамкурулуш жана Транспорт министрлиги Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоодогу кемчиликтерди аныктады

Мамкурулуш жана Транспорт министрлиги Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоодогу кемчиликтерди аныктады

БАРЭК коридорун жакшыртуу долбоору боюнча Бишкек—Ош унаа жолунун Бишкек—Кара-Балта участкасындагы курулушту текшерүү учурунда көптөгөн сын-пикирлер жана жол катмарынын сапаты боюнча дал келбестиктер аныкталган.
Текшерүү Мамкурулуш, Temelsu компаниясынын консультанттары менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын добоорлорду ишке ашыруу тобунун инженерлери тарабынан, ошондой эле КРдеги №5 Кытай темир жол инженердик топтук компаниясынын адистери менен биргеликте жүргүзүлгөндүгү белгилүү болду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, Мамкурулуштун алдындагы Мамлекеттик архитектуралык — курулуштук көзөмөл департаменти жол катмарынын сапатында аныкталган мүчүлүштүктөрдү, сын-пикирлерди жана дал келбестиктерди жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү сунуштады.
Учурда подрядчы тарабынан жолдун үстүңкү катмарын алмаштыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, келишимге ылайык, дефектилерди аныктоо мезгилинде кемчиликтер пайда болсо, аларды оңдоо жумуштарын подрядчы өз эсебинен жүргүзүүгө милдеттүү.