mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

ӨЛКӨНҮН АШУУЛАРЫНДАГЫ ЖОЛДОРДУН АБАЛЫ ТУУРАЛУУ 2024-ЖЫЛДЫН 26-ЯНВАРЫНА КАРАТА МААЛЫМАТ

2024-жылдын 26-январында өлкөнүн ашууларында жана жолдорунда унаалардын жүрүүсүнө чектөө жок. Жол тилкелеринде карды тазалоо жана туз-кум чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Ош-Баткен-Раззаков автожолунун 165-190-чакырымдарында  жолчулар тарабынан жолдун жээктерин тегиздөө жана 2 автогрейдер менен жолду муздардан тазалоо иштери  жүргүзүлдү.

Чоң-Ашуу ашуусунда кар күрткүлөрүнөн  тазалоо жана тайгакка каршы инерттик материалдарды себүү иштери аткарылып, жол ачык.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусундагы 271 чакырымдан 320 кмге чейинки аралыкта Транспорт жана коммуникация министрлигинин №41 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары  тайгак жерлерге инерттик материалдар чачышып, нөөмөт менен күнү-түнү иш алып барышууда, жол ачык.

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунда дагы кардан тазалоо, туз-кум себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Өтмөк, Сөөк, Чыйырчык, Ала-Бел,  Көк-Бел, Төө-Ашуу, Кызыл-Бел, Талдык, Чапчыма ашууларында дагы жолчулар тарабынан жогорудагыдай тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргызгидромет маалымдагандай, түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Таластын тоолуу райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Айрым жерлер туман. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Транспорт жана коммуникация министрлиги тоолуу райондордон жана ашуулардан өткөн айдоочуларды күрөктөр менен кар чынжырларын алып жүрүүгө, жол эрежелерин так сактоого, тактап айтканда, каршы тилкеге чыкпоого жана кар тазалоочу техниканын ишине кийлигишпөөгө чакырат.

КР ТжКМ басма сөз кызматы