mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өлкөнүн ашууларында жана жолдорунда унаалардын жүрүүсүнө чектөө жок

2024-жылдын 31-январында өлкөнүн ашууларында жана жолдорунда унаалардын жүрүүсүнө чектөө жок. Жол тилкелеринде карды тазалоо жана туз-кум чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, тоолуу аймактардагы суукка байланыштуу Өтмөк, Сөөк, Чапчыма, Ала-Бел,  Төө-Ашуу,  Көк-Бел, Долон ашууларынан  өткөн айдоочулар жанында күрөктөр менен кар чынжырларын алып жүрүүсү керек.

Буга чейин «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынып салынган.

Чыйырчык ашуусунда кар жаап, жолчулар тарабынан трассаны кардан тазалоо жана тайгакка каршы инерттик материалдарды  себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, жол ачык.

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолуна майда кар жаап, кар күрткүсү байкалууда. Транспорт жана коммуникация министрлигинин №26 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары  жол тилкелерине туз-кум аралашмасын чачып, жолду кардан тазалап жатышат.

Ушундай эле иштер Ош-Сарыташ-Иркештам, Бишкек-Ош, Ош-Баткен-Раззаков, Айгүл-Таш-Согмент-Таян, Сох-Кан-Зардалы, Үч-Коргон-Теңизбай, Жийделик-Тамаша автожолунда да жүргүзүлүп жатат.