mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өлкөнүн ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочулардын жанында  кар чынжырлары болушу керек

2024-жылдын 17-январында өлкөнүн тоолуу райондорундагы суукка байланыштуу Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Долон, Чапчыма, Сөөк жана башка ашуу тилкелерине чыккан айдоочулар өздөрү менен кошо кар чынжырларын алып жүрүүсү керек. Жогоруда аталган жол тилкелерине карды тазалоо жана инерттүү материалдарды чачуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда 209 чакырымдан 270 чакырымга чейин кар жаап, кардын калыңдыгы 25 смге жетет. Ал жерде КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №23 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан

жол тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Ал эми Көкмойнок-Кувакы авто жолунда, ошондой эле Чыйырчык, Чоң-Ашуу ашууларында жогоругудай тазалоо иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.