mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 314 385
KG   RU   EN

Өлкөдө жүргүнчү ташыган автобустар текшерилүүдө

Өлкө аймагында автобустук каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу жана тейлөө сапатын жогорулатуу максатында өткөрүлүп жаткан бир айлык рейддик иш-чаранын алгачкы аптасында миңден ашык автотранспорт каражаты текшерилип, анын 92сине тийиштүү протоколдор толтурулду. Жалпы айып пулдун суммасы 98 миң сомду түздү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактык башкармалыктары текшерүү иштерин 3-апрелде баштаган. 3-майга чейин улана турган рейддик иш-чаранын алкагында автобекет жана автостанцияларда жүргүнчү ташыган автобустардын айдоочуларынын тийиштүү документтери менен уруксат кагаздары, керектүү жабдуулары, иштөө графиги текшерилүүдө. Рейддик иш-чаралар ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда өтүп жатат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы